Illustration Кол коюучулар

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө шаарлардын аймактарында жеңебиз же жеңилебиз. Европанын калкынын басымдуу көпчүлүгү шаарларда жашашат жана иштешет, ЕБде урунулган энергиянын 80%дайын керектешет. ЕБне кирбеген өлкөлөр да ушундай эле сандарга жакын жана ушундай эле көйгөйлөргө туш болууда. Жергиликтүү администрациялар жарандарга эң жакын бийлик деңгээли катары, климат көйгөйлөрү менен бардык тараптан алектенүүгө эң жакшы орунду ээлейт. Улам-улам көп шаарлар ушинтип чакырыкка жооп берүүдө, бул Мэрлердин Келишимине кол коюучулардын саны өсүп жатканынан да көрүнүп турат.

Кол коюучулар чакан кыштактардан Киев, Лондон, Париж же Тбилиси сыяктуу эбегейсиз метрополитан аймактарына чейинки ар кандай шаарлардан чыгышкан. Кол койгондон кийинки бир жыл ичинде Келишимдин кол коюучулары өз аймагында CO2 бөлүп чыгарууну 2020-жылга карата кеминде 20%га кыскартуу максаты бар Туруктуу энергетикалык өнүгүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууга милдеттенме алышат.

Келишимге кошулган шаарлардын тизмесин ылдый жактан жана бул жерден көрсө болот (PDF формат).